БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткен районунун Развилка тилкесинде атышуу болуп жатат, Баткендин борборунан Ош облусуна өткөн жол жабылды. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Мындан улам эл Баткен шаарынан Кадамжай районуна өтө албай калган. Ошол себептен Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров Сохтун акими менен сүйлөшүп, чыр-чатактан улам эвакуацияланган тургундарды Баткен шаарынан Кадамжайга Сох аркылуу өтүүгө макулдашкан. Облустун борборуна 10 бус жиберилди.
Жаралган кырдаал Ош облусу менен Баткендин борборуна барчу негизги жол жабык дегенди түшүндүрөт.