БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Атышуу болуп жаткан Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары көчүрүлө баштаганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги менен тийиштүү иш-чаралар аткарылып жатканы айтылды.
"Атышуу уланып жаткандыктан убактылуу жайгаштыруу пунктулары уюштурулуп, Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы жергиликтүү эл көчүрүлүүдө. Абал курч бойдон турат", — дешти Чек ара кызматынан.
Учурда Баткенде эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.