Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандардын саны 11ге жетти

Стационарларда кан жана дары-дармек жетиштүү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Облустук ооруканага чек арадагы чырдан жабыркап 11 киши түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы координаторунун маалыматына таянып кабарлады.
"Жабыркагандардын абалы жана диагнозу боюнча маалымат кийинчерээк берилет", — деп жазылат билдирмеде.
Бардык саламаттык сактоо уюмдары жана Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Стационарларда кан жана дары-дармек жетиштүү.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тарап танк, БТР, БМП жана минометторду колдонуп жатат