Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арадагы чырдан жабыркагандардын саны 55ке жетти. Каза болгондор бар

Министрлик өлүм учурлары да бар экенин айтып, маалымат такталып жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан Баткенде жабыркагандардын саны 55ке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, алардын ичинен үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
"Ооруканага кайрылгандардын арасында жети аял, беш бала бар", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, чек арадагы чырдан 15 жаштагы кыз көз жумган. Министрлик өлүм учурлары мындан көп экенин айтып, маалымат такталып жатканын кошумчалады.
Макулдашууну бузду. Тажик тарап кайрадан ок чыгарууда