Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Күтпөгөн жерден ок чыгарышты. Чек арадагы абал боюнча Баткен башчысынын видеосу

Алимбаев айылдарда эч кимди калтырбай алып чыгууга аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, ок атуу 16-сентябрда таңкы саат 6:00дө башталган.

"Тажик тарап заматта эле чек аранын бардык тарабынан ок атып баштады. Муну мен агрессия деп эсептейм. Анткени алар күтпөгөн жерден ок чыгарды, болгондо да аскердик оор техниканы колдонду. Азыркы тапта биз дагы чара көрүп жатабыз. Атышуу токтой элек. Учурда Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши менен сүйлөштү. Алар бардык жерде атышууну токтотууга буйрук беришти. Бирок ок атуу уланууда. Эгерде абал тынчып калса, жолугушууларды өткөрөбүз. Эвакуация боюнча чек арага жакын жайгашкан айылдардан элди чыгарып жатабыз. Алар өз автоунаалары менен кетип жатышат. ӨКМ да жардам берүүдө. Мэрия, облустук, райондук администрациялар көчүрүлгөн элди кафе, ресторан, чайканаларга жайгаштырып, аларга жардам берүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Айылдарда эч кимди калтырбай алып чыгууга аракет кылып жатабыз", — деди Алимбаев.

Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат