БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Кызыл-Бел" өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын кабарлашты.
Ага ылайык, жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү да катышат.
Учурда чек арадагы абал дагы деле чыңалган бойдон калууда.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.