Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара: атышууну токтотуу макулдашылганы менен тажик тарап аны аткарбай жатат

УКМКнын Чек ара кызматы эртең менентен бери эле атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тарап менен саат 10:00дөн баштап атышууну токтотуу келишими түзүлгөн. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашты.
УКМКнын Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы, генерал-полковник Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү.
"Бирок тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматы эртең менентен бери эле атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Бир сантиметр дагы бербейбиз! Чек арадагы кагылышуудан видео