Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Эки өлкөнүн УКМК башчылары атышууну токтотуу чечимин кабыл алышты

Тажик тарап бүгүн таңдан тарта кыргыз айылдарын аткылай баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16.00дө атышууну токтотууга макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсы билдирди.
Эскерте кетсек, тажик тарап бүгүн таңда кыргыз айылдарына ок чыгара баштаган.
Акыркы маалымат боюнча, чырдан 42 кыргызстандык жабыркады.
Sputnik Баткендеги абал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: Тажикстан "Град" реактивдүү системасын колдонууда