БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, документке Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Лифэн Өзбекстанда өтүп жаткан ШКУнун саммитинде кол коюшкан.
Тараптар долбоордун алкагында активдүү кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна колдоо көрсөтөрү айтылды.
"Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча, бардык иштерди (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүү каралган. Ал эми негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен чечип, ТЭНге кеткен чыгымдарды тараптардын ортосунда бирдей бөлүштүрүүгө ниеттенишүүдө",— деп айтылат маалыматта.
Долбоордун Кыргызстан үчүн артыкчылыктары:
Жаңы темир жол Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат;
Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, андан ары Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт;
Транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берет, аралыкты кыскартып, убакытты үнөмдөйт;
Долбоор ишке ашса Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жана транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө таасир этет.
Белгилей кетсек, Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай өлкө тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болуп саналат.