Мага лекция окубай эле коюңуз! Сурабалдиева менен Самыйкожо айтыша кеткен видео

Сурабалдиева мугалимдерди коргойбуз деп балдарды басынтып албайлы деген пикирин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Парламентте депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Мирлан Самыйкожо кер-мур айтыша кетти.
Учурда мугалимдерди мазактап, кагып-силккен окуучулар менен ата-энелерге айып салуу мыйзам долбоору талкууланууда.
Сурабалдиева демилгеге каршы чыгып, мугалимдерди коргойбуз деп балдарды басынтып албайлы деген пикирин айтты.
"Бул мыйзам менен мугалимдин статусун көтөрүү каралган, анча одоно нерсе жок. Батыштын саясатын колдобошубуз керек. Ачык эле айталы, ар кимге ар кандай билдирүүлөр келип калууда, балдарыбыздын укугу корголбой калат, антип-минтип атат деп", — деди Самыйкожо.
Андан соң төрт сап ыр менен да жооп берди:
Балдардын келечегин ойлогула,
Билимге анча тозот койбогула.
Мугалимдин кадырын ойлобосок,
Маңкурттардын максатын колдогула.
Андан соң Сурабалдиева чыгып кесиптешинен ага лекция окубашын талап кылды.
"Урматтуу Мирлан мырза, сиз мага лекция окубай эле койсоңуз болот. Аябай эле Батыштын саясатына чейин кирип кеттиңиздер. Алар Батыштын эмес, Кыргызстандын, депутаттардын баласы. Мугалим менен кез келгенде биз алсыз делген бала тарапта болушубуз зарыл. Жакында ушундай ниет менен зордук-зомбулукту токтоткон мыйзам келе жатат. Ошону колдоп бересиздер деп ишенем, өзгөчө сизге, Мирлан мырза", — деди Сурабалдиева.
Эки депутат Райым миллиондун таламын талашып айтыша кетти. Видео