Самаркандда Жапаров менен Путин жолукту. Видео

Өзбекстандагы саммит бүгүн башталып, эртең аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Самаркандда (Өзбекстан) президент Садыр Жапаров ШКУ саммитинин алкагында Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.
Эске салсак, Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлеринин саммити болот.
Аталган иш-чарада бир топ маселелер талкууланат. Алар: коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулук жаатындагы уюмдун мүмкүнчүлүктөрү, экономикалык байланыштарды бекемдөө, транспорттук өз ара байланыштарды, ШКУнун алкагында маданий-гуманитардык алаканы чыңдоо.
ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирген. Афганистан, Беларусь, Иран менен Монголия байкоочу болсо, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекет катары катталган.
2021-жылы сентябрда ШКУнун Душанбедеги саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу процедурасы, Египет, Катар жана Сауд Аравиясына диалогдо өнөктөш макамын берүү кадамы башталган. Быйыл Беларусь ШКУга толук укуктуу мүчө катары кирүүгө арыз берген.
Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда 4 документ кабыл алынды