Путин: Россия Кыргызстанга 1,3 млрд. рублге өрт өчүрүүчү техника, тик учак берет

Тиешелүү токтомго Россия өкмөтү быйылкы жылдын июль айында кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техника менен тик учактарды берерин РФ лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен Өзбекстанда жолукканда билдирди.
РФ лидери аталган максат үчүн РФ бюджетинен 1,3 миллиард рубль бөлүнөрүн айтты. Бул боюнча тиешелүү токтомго Россия өкмөтү быйылкы жылдын июль айында кол койгон.
Путин Россия Кыргызстанга экономикалык жактан көмөк көрсөтүүнү улантарын белгилеген. Былтыр финансылык жардам 20 миллион долларды түзгөн.
Быйыл 2021-жылдагы чек арада болгон трагедиялык окуялардан талкаланган социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн 1, 5 миллион доллар бөлүнгөн.
Жапаров менен Путиндин Самарканддагы жолугушуусунда талкууланган маселелер