БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев Түркияда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) кыргыздарга таандык спорттун төрт эле түрү кирип калганын айтып нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, ДКОго башында улуттук спорттун 23 түрү киргизилген. Бирок азыр мелдеш катары көк бөрү менен кыргыз күрөшү гана кошулуп, дагы экөө көргөзмө иретинде көрсөтүлмөй болууда.
"Мен Эр эңиш федерациясынын президенти катары айтсам, биздин балбандар эки жума машыгууда жүрүштү. Азыр эмнеге 23 оюндан төртөө гана калды деп башка федерациялардан дагы чалып жатышат", — деди Азыгалиев.
Ошондой эле ал маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Спорт департаментинин директору, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисин чакырып маалымат алууну сунуштады.