Капа болгон жокмун. Айсулуу дүйнө чемпионатынан кийин кайрылуу жасады

Балбан кыз чемпионатта жеңишке жеткен кыргызстандык спортчуларды куттуктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы дүйнө чемпионатынан кийин кайрылуу жасап, мелдеште ийгиликке жеткен балбандарды куттуктады.
"Чемпиондор! Акжол, Жоламан жана Амантур, силерди жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биздин жетишкендиктерибиз жана спортчуларыбыз менен сыймыктанам. Ошондой эле бул ийгиликтердин башталышы гана экенин ишенимдүү айта алам. Мен дагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп күйөрмандарыма майрам тартуулайлы дедим эле, тилекке каршы, эки жолу жеңишти камсыздап, үчүнчүсүндө алдырып жибердим. Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатат. Бирок андай эмес. Билесиңерби, бул окуяга, тескерисинче, бир аз кубандым. Анткени бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Дагы да көп иштешим керек экенин сездим", — деп жазган Тыныбекова.
Ал өзү менен күрөшө турганын, күчтүү экенин айтып, "баарына чыдайм" деп сөзүн бүтүргөн.
Белгилей кетсек, Тыныбекова Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында байгеге илинген эмес. Бирок ал кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле Токиодогу Олимпиадада күмүш медаль алган.
Коло буюрган жок. Айсулуу Тыныбекова атаандашына утулуп калды