16-сентябрга карата аба ырайы

16-сентябрда республика аймагында күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32, Ысык-Көл өрөөнүндө +21…+26, Нарын жеринде +22…+27 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +30…+32 градус болот.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы