Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү эмне тууралуу сүйлөштү. Тизме

Кыргызстандын чек ара өкүлдөрүнүн тажик кесиптештери менен кезектеги жолугушуусу Как-Сайда болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир нече макулдашуу болгонун Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:
Чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат;
Тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн (РОВД) өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшөт;
Саат 19:30да Төрт-Көчө жерлигинде кезектеги жолугушуу белгиленген, ага тараптардын Төрт-Көчө жерлигиндеги чек араны кайтарган чек ара заставаларынын башчылары катышат;
Баткен облусунун жетекчилиги менен Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлүнүн тажик кесиптештери менен кезектеги жолугушуусу Как-Сай жерлигинде болот.
Чек ара чатагы бүгүн, 14-сентябрда алгач, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатак оту Как-Сайда жанды. Булардан кийин Паскы-Арык аймактарында атышуу болду. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алды. Андан көп өтпөй "Самаркендек" заставасындагы атышууда эки жай тургун, аял менен эркек кишинин жарадар болгону кабарланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта эки кыргызстандык жарадар болду. Бирөө – аял