Министрлик: кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта 11 жаштагы бала жарадар болду

Бала учурда Лейлек райондук ооруканасына жеткирилгендигин, абалы орточо оор экенин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атылган октон 11 жаштагы кыргызстандык тестиер жарадар болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жабырланган бала учурда Лейлек райондук ооруканасында экендигин билдиришти. Ок оң ийинин тешип кеткен жана сол жаагынан жаракат алган. Медицина кызматкерлери абалын орточо оор деп билдиришти.
Эске салсак, тажик тараптын аткан огунан буга чейин 31 жаштагы аял менен 21 жаштагы уландын жаракат алганы айтылган. Аялдын абалы оор экенин билдиришкен.
Министрликтен учурда облустагы ооруканалар жана Тез жардам кызматы күчөтүлгөн режим менен иштеп жатканын айтышты.
Эске салсак, чек ара чатагы бүгүн, 14-сентябрда, алгач Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатак оту Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан кийин "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жеген.
Россия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты