Кыргыз-тажик чек арасында абал курч. Тажик тарап улам ок чыгарууда

Кыргыз тарапта жабыркаган жана жарадар болгондор жок.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы саат 11:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, Баткендин Булак-Башы аймагында абал дагы эле курч бойдон калууда. Жеринде УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген Кыялбек Төлөнбаев менен Согду облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Х.Пиракзоданын жолугушуусу өтүп жатат.
"Ок атууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, тажик тарап улам кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарууда", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз тарапта жабыркаган жана жарадар болгондор жок экени кошумчаланды. Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чек ара чатагынын күчөп кетишине жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат.
Армения — Азербайжан чыры. Путин абалды жөнгө салууда РФтин кадамдарын айтты