БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Армения менен Азербайжандын ортосундагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңеши онлайн-саммит өткөрүп, анда башкы катчыга чек арадагы чыр болгон жерге баруу сунушталды.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-канал билдиргендей, башкы катчы Станислав Зась жеринде мамлекет башчыларына кененирээк доклад даярдамакчы.
Эске салсак, Армения менен Азербайжандын чек арасындагы кагылышууга байланыштуу 13-сентябрда ЖККУнун Туруктуу кеңешинин жыйыны өтүп, андан соң уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн-саммити болгон. Иш-чарага катышкан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, эки тарап мындан ары күч колдонуудан алыс болуп, бардык пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечет деген ишенимин билдирген.
Буга чейин Ереван Баку шейшембиге караган түнү оор артиллерия, учкучсуз аппараттарды жана миномётторду колдонуп Армения аймагын аткылаганын кабарлаган. Ошондой эле армян тарапта каза болгондор жана жарадарлар бар экени айтылган.
Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын диверсиялык күчтөрү алар жүргөн аймакка мина койгонун жана тиешелүү жооп кайтарылганын билдирип, алар тараптан дагы жоготуулар болгонун кошумчалаган. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу Россиянын президенти Владимир Путин жана Франция башчысы Эммануэль Макрон менен сүйлөшүп, чек арадагы кырдаалды талкуулаган.