БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан атаандашын мөөнөтүнө жетпей уткан. Дүйнө биринчилиги Сербиянын Белград шаарында өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланган видеодо Шаршенбековдун финалдагы мыкты ыкмалары көрсөтүлгөн. Ал атаандашын уткан соң машыктыруучусу кубанганынан кыргыз балбанын көтөрүп чапканын көрүүгө болот.
60 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде, 1/4 финалда АКШлык Илдар Хафизовду 4:0 упай менен жеңген. Кийин казакстандык Айдос Султангали менен кез келип, аны 7:0 упай эсебинде уткан. Кыргызстандын эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиону чыга элек болчу. Эми Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков алтын утуп, тарых жаратышты.