Ысык-Атада мас болуп аялын сабап өлтүрдү деген киши камакка алынды. Сүрөт

Ооруканага түшкөн 33 жаштагы келин алган жараатынан эсине келбей көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда аялын сабап өлтүрдү деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 11-сентябрда райондук милицияга аймактык ооруканага 33 жаштагы келин сабалып түшкөнү, кийинчерээк өзүнө келбей көз жумганы тууралуу кабарланган.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ("Адам өлтүрүү") ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп, натыйжада окуянын чоо-жайы такталды.
"Каза болгон келиндин 40 жаштагы К.М. аттуу жолдошу Ысык-Атанын Красная Речка айылындагы үйүндө арак ичип олтуруп уруш чыгарып, аялын сабаган. Жыйынтыгында келинчеги ооруканага түшүп, алган жаракатынан көз жумган", — деп жазылат маалыматта.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени кошумчаланды. Тергөө уланып жатат.
Экинчи жолу да бак айтпады, күйөөмдүн таягы жаныма батып барат. Келиндин даты