Теңиз Бөлтүрүк кармалды

Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк кармалды. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыктады.
"Ал козголгон кылмыш иштеринин алкагында колго түшүрүлдү. Учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деди мекеменин маалымат кызматы.
Бөлтүрүк менен кошо компаниянын жабдуу боюнча адиси Ж.А.Ф. жана каржы башкармалыгынын директору Т. Р. кармалганы кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин компанияда финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, Теңиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген.
Бүгүн Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын ишин текшерип, жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгогон. Анда Кумтөргө киргизилген тышкы башкаруу учурунда жетекчилик коррупцияга жол берген.
Алдын ала эсептөө боюнча, кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.
Кумтөрдөн канча акча түшүүдө? Депутаттар шайлоочулардын талабын айтты