Садыр Жапаров пилотсуз учкан "Байрактарды" башкаруу базасын ачты. Сүрөт

Учкучсуз аппараттарды тийиштүү окуулардан өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров УКМК Чек ара кызматынын пилотсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров УКМК Чек ара кызматынын пилотсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты

2 / 4

Анда мамлекет башчы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын дагы бир жолу белгилеп, былтыр биринчи жолу пилотсуз учуучу аппараттар сатып алынганын эске салган

3 / 4

Президентке чек араны коргоодо сокку уруучу пилотсуз "Байрактар" учактары аркылуу күжүрмөн күзөттүн уюштурулушу менен таанышкан

4 / 4

"Байрактар" аппараттарын тийиштүү окуулардан өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарары айтылды.

Анда мамлекет башчы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын дагы бир жолу белгилеп, былтыр биринчи жолу пилотсуз учуучу аппараттар сатып алынганын эске салган.
"База чек араларды кайтарууда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүктөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарат. Мен ар дайым айтып келем — Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин Куралдуу күчтөрүбүздү бекемдөөгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталат", — деп айткан Жапаров.
Президентке чек араны коргоодо сокку уруучу пилотсуз "Байрактар" учактары аркылуу күжүрмөн күзөттүн уюштурулушу менен таанышкан.
"Байрактар" аппараттарын тийиштүү окуулардан өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарары айтылды.
Президент Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Сүрөт