Чүйдө чет элдик жаранга бычак урган шектүү Казакстандан кармалды

Жарадар болгон киши ооруканага жаткырылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Чүй облусунда Россиянын жаранына кол салуу болгонун ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 3-сентябрда Ысык-Ата аймактык ооруканасына 24 жаштагы россиялык жаран кайрылып, бычакталганын айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү") боюнча иш козголгон.
Тергөөдөн кийин 38 жаштагы шектүү окуя болгон күнү эле Казакстандын чек арасынан өткөнү аныкталган. Ага издөө жарыяланып, сот аны камоо тууралуу чечим чыгарган. Кийинчерээк ал коңшу өлкөдөн табылып, кармалганы кошумчаланды.
Радио
Рыскулова: карындашын коргоп ок чыгарган жаран киши өлтүрдү деп соттолууда