БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өтүп жаткан Жаштардын эл аралык аналитикалык конгресси уникалдуу иш-чара болуп калууда. Бул туурасында Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун координациялык кеңешинин төрагасы, Жаштардын эл аралык аналитикалык конгрессинин программалык комитетинин тең төрагасы Николай Бордюжа Sputnik аянтчасында өткөн видеокөпүрөдө айтты.
Андан бул иш-чара эмнеси менен унакалдуу деп сурашты. Бордюжанын айтымында, жаш серепчилердин конгресси Москвада өтө турган дүйнөлүк жаңы тартипке арналган ири илимий-тажрыйбалык конференцияга даярдык көрүүнүн алкагында өтүп жатат.
"Биздин кайсы этапта экенибиз өзүбүзгө кызык, андыктан илимий күчтөрдү тартып, жаштар конгрессин өткөрүп жатабыз. Бул Москванын аймагынан тышкары өткөн биринчи конгресс экендигин белгилей кетүү керек", — деген Бордюжа.
Ал кыргыз тарап жаш серепчилердин конгрессин өткөрүү үчүн Ысык-Көлдөгү аянтчаны колдонууну сунуштагандыгын айтты.
Бул даярдыктын алкагында аталган конгресс өтүп жатат. Иш-чарага ар кыл өлкөлөрдөн илим чөйрөсүндөгү ири күчтөр тартылып, аналитик-окумуштуу жаштар катышууда.
"Уникалдуу дегеним, жаш серепчилерди чогултууга аракет кылдык. Жаштарыбыздын башын бириктирип жана маданиятты сактоо, жаш окумуштуулар арасында илимий байланыштарды түзүү жаатында биргелешкен аракетибиз түбөлүгү түз, жакшы милдеттердин бири деп ойлойм. Ал бардык тараптардын — коомчулуктун, биздин өлкөлөрдүн жетекчилигинин туура жана оң баасын алышы керек", — деген Бордюжа.
Иш-чараны Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциум, "Ысык-Көл — ири Евразия" эл аралык аналитикалык клубу, Кыргыз-Россия Славян университети жана Евразиянын бир катар академиялык, билим берүү уюмдары уюштурууда. Конгресс Россотрудничество жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын колдоосу менен өтүүдө.