Пресс-борбор

Бордюжа славян университеттери күч-аракетин бириктирерине ишеним артты

Эгер тараптар бир бүтүмгө келсе меморандумга кол коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бир катар өлкөлөрдөгү славян университеттери өздөрүнүн болгон күч-аракетин бириктирерине ишеним артам. Бул туурасында Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун координациялык кеңешинин төрагасы, Жаштардын эл аралык аналитикалык конгрессинин программалык комитетинин тең төрагасы Николай Бордюжа Sputnik аянтчасында өткөн видеокөпүрөдө айтты.
Ал Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун алкагында кызматташкан университеттер өз ара иштешүү жөнүндө меморандумдун долбоорун өзгөчө кызыгуу менен талкуулоону күтүп жатышканын билдирди.
"Биз Кыргызстан, Тажикстан, Молдова жана Армениядагы славян университеттеринин биригишин каалайбыз. Алгач жаштарга болгон таасиринен, уюштуруу-методологиялык иштерден баштоо шарт. Эгер биз бир бүтүмгө келсек, меморандумга кол коюп университеттер аралык иштешүүнү уюштуруу керек. Бул бири-бирин жуурулуштурган, анын ичинде жаш аналитиктерди өстүрүү жаатында өтө пайдалуу саамалык болот", — деди Бордюжа.
Иш-чараны Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциум, "Ысык-Көл — ири Евразия" эл аралык аналитикалык клубу, Кыргыз-Россия Славян университети жана Евразиянын бир катар академиялык, билим берүү уюмдары уюштурууда. Конгресс Россотрудничество жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын колдоосу менен өтүп жатат.
Радио
Букуев: Бишкекте өткөн КР — КМШ ардагерлер беттеши алаканы бекемдейт