Нарын: болжолдуу наркы 100 млн. еврону түзгөн Куланак ГЭСи курулуп жатат. Сүрөт

Долбоорго ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу — 100 МВт. Куруу мөөнөтү төрт жыл. Жылына 450 миллион квт/саат электр кубаты өндүрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Нарын районунун Куланак айыл аймагына, Нарын суусунун боюна кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматына таянып билдирди.
1 / 4

Нарын районунун Куланак айыл аймагына, Нарын суусунун боюна кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталды

2 / 4

Белгилүү болгондой, Куланак ГЭСин куруу долбоору жеке ишкер Кутубай Мурзабаев жетектеген "Нарын өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүзөгө ашууда

3 / 4

Куланак ГЭСинин курулушуна Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айыл аймактарынан 488,51 гектар жер аянты трансформацияланып берилгенХод строительства Куланакской ГЭС в Нарынской области

4 / 4

Маалыматка ылайык, учурда Куланак ГЭСин куруу жумуштары башталып, курулуш жумуштарын жүргүзүү максатында электр энергиясын алуу үчүн 35/10 кВт подстанция, 1000 кВт эки даана трансформатор, 190 даана зым теректер орнотулуп, жумушчулар жашап иштеши үчүн вахталык шаарча курулган.

Белгилүү болгондой, Куланак ГЭСин куруу долбоору жеке ишкер Кутубай Мурзабаев жетектеген "Нарын өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүзөгө ашууда.
"Долбоорго ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу — 100 МВт. Куруу мөөнөтү төрт жыл. Жылына 450 миллион квт/саат электр кубаты өндүрүлөт. Курулуш жумуштары учурунда 500 адам иш менен камсыз болуп, ишкана ишке киргенден кийин 100 жумуш оруну түзүлөрү мерчемделген. Курулуштун болжолдуу наркы 100 миллион еврону түзөт", — деп айтып беришкен маалымат кызматтан.
Куланак ГЭСинин курулушуна Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айыл аймактарынан 488,51 гектар жер аянты трансформацияланып берилген.
Маалыматка ылайык, учурда Куланак ГЭСин куруу жумуштары башталып, курулуш жумуштарын жүргүзүү максатында электр энергиясын алуу үчүн 35/10 кВт подстанция, 1000 кВт эки даана трансформатор, 190 даана зым теректер орнотулуп, жумушчулар жашап иштеши үчүн вахталык шаарча курулган.
Мындан сырткары, деривациялык каналга бара турган жана каналды бойлой кеткен жолдун негизин таптоо, бетон аралашмасын даярдай турган жана шагыл майдалап, сорттоочу жабдууну коюу жумуштары жүргүзүлүүдө.
ГЭСтин курулушу райондун ирригация тармагына да пайда алып келет. Алсак, Куланак каналын өзү агып чыгуучу суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болот. Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын жерлерин сугат суу менен камсыздоо жакшырат.
Бир нече күн мурда бул курулуштун жүрүшү менен таанышууга барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоор Нарын облусунун экономикалык өнүгүшүнө салым кошо турган жакшы долбоор экенин белгилеген. Суу баскан аянттар кеңейсе, ушул аймактан 22 миң гектар жер аянтын картошка эгүү үчүн өзбекстандыктарга ижарага берүүгө болорун айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берди. Ошондой эле сууну текке кетирбей ири балык чарбасын куруп, киреше табууну сунуштаган.
Куланак ГЭСин курууга белсенген компания тууралуу эмне белгилүү