Бишкекте жалбырак, чөп өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салына баштады

Муниципалитет инспекциянын ишине байланышкан суроолор боюнча 0312 597526 номерине чалууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы шаарда жалбырак өрттөгөндөргө айып пул салына баштаганын билдирди.
Буга чейин муниципалитет шаар тургундарын түшкөн жалбырактарды өрттөбөөгө чакырган.
Мэрия мындай мыйзам бузгандарга Бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесине ылайык 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин административдик айып каралганын белгиледи.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө фактысы аныкталып, мыйзам бузган адам 7 500 сом айыпка жыгылды", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет инспекциянын ишине байланышкан суроолор боюнча 0312 597526 номерине чалууну өтүндү.
ЖКда бирөөнүн талаасына мал жайса 30 миң сом айып салуу мыйзамы каралды