Балдар кордолгон учурду байкасаңыз, кабарлаңыз. Байланыш номерлери

Муниципалитет балдарды коргоо жана жасалган зомбулуктарды алдын алуу максатында баш-аягы тогуз телефондук линия иштээрин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды балдарга карата жаман мамиле жасалган окуяларга күбө болуп же байкап калса кабарлап коюуга чакырды.
Аны үчүн калаадагы төрт райондун акимчилигинде үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн ыкчам байланыш номерлери иштейт.
Номерлердин тизмеси:
Биринчи май району: (0312) 67-03-86;
Ленин району: (0312) 88-38-99;
Свердлов району: (0312) 53-05-76;
Октябрь району: (0312) 51-03-75;
Балдарга жардам берүү борбору: (0312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12;
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ыкчам байланышы: 111.
Радио
Карабаева: эми педофилдер өмүр бою эркинен ажыратылат