Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып, электр энергиясынын көлөмү көбөйдү

Долбоордун наркы 18,9 миллион доллар, каражаттын 80 пайызы Швейцариядан грант катары келген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып, өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү көбөйдү. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 4

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып, өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү көбөйдү

2 / 4

ГЭСтин жетекчисинин милдетин аткаруучу Муктарбек Жүндүбаевдин айтымында, реконструкциялоо жана модернизациялоо декабрь айында аяктайт

3 / 4

Долбоордун наркы 18,9 миллион доллар, каражаттын 80 пайызы Швейцариядан грант катары келсе, 20 пайызын кыргыз өкмөтү көтөргөнАт-Башинская ГЭС в Нарынской области

4 / 4

Реконструкциялоо жумуштарынын алкагында ГЭСте ар биринин кубаттуулугу 10 миң киловатты түзгөн төрт суу агрегаты орнотулган.

ГЭСтин жетекчисинин милдетин аткаруучу Муктарбек Жүндүбаевдин айтымында, реконструкциялоо жана модернизациялоо декабрь айында аяктайт. Долбоордун наркы 18,9 миллион доллар, каражаттын 80 пайызы Швейцариядан грант катары келсе, 20 пайызын кыргыз өкмөтү көтөргөн.
Реконструкциялоо жумуштарынын алкагында ГЭСте ар биринин кубаттуулугу 10 миң киловатты түзгөн төрт суу агрегаты орнотулган. Негизги электр жана гидротурбиналык жабдыктары, 110 киловольттук трансформатор жана ажыраткычтар, кабелдер жаңыртылган. Иштөө системасы толугу менен автоматташтырылды.
"Ат-Башы ГЭСинде электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, 800 миң кВт/сааттан 1 миллион кВт/саатка чейин жеткирүү жолго коюлду. Жылына 42 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү өндүрүүнү камсыздоого, техникалык жоготууларды азайтууга, коопсуздукту жана башкарууну жакшыртууга, суунун коромжусун азайтууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнү белгиленди.
Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курары пландалууда