Жеңилип баратып утуп алды. Балбан Амантур Исмаиловдун коло алган видеосу

Ал 67 килограмм салмактагылар арасында кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов коло байгенин ээси болду.
Ал 67 килограмм салмактагылар арасында кармашкан. Спортчу алгач 1/16 финалда венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда ирандык спортчуга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок атаандашы чыкпай калып, коло байге үчүн беттешкен.
Чечүүчү 3-орун үчүн кармашта Амантур Исмаилов грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.
Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты