Максаты — кылмыштарга каршы профилактиканы жогорулатуу, жоопкерчиликти күчөтүү жана зөөкүрлөрдөн жабыркагандарды коргоо механизмдерин түзүү, коррупциялык элементтерди азайтуу.
Долбоордун негиздемесинде 2021-жылы зордуктоо боюнча катталган 640 кылмыш ишинин 134ү гана сотко жеткени тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы тиркелген.
"Акыркы жылдары жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар көп болгонуна карабастан арбыны сотко жетпейт. Мындай кылмышты далилдөө өзү өтө татаал процесс экендигин белгилей кетүү керек. Ошондой эле тараптардын жарашуусуна байланыштуу кылмышты токтотууга туура келген учурлар бар. Натыйжада жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардан жапа чеккендер көбөйүп, зордукчулдар жазаланбай калууда", — деп жазган демилгечи депутат.
Кылмыштан өмүрү өткөнчө кутулбайт
Эгер мыйзам күчүнө кирсе, зордуктоо боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексининин төмөнкү беренелеринде каралган жосундар үчүн "эскирди" деп эсептелбейт:
154-берене — жалгыз же уюшкан топ тарабынан жана мыкаачылык менен зордуктоо;
155-берене — бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттер;
156-берененин 2-3-бөлүгү — 18 жашка чыга элек балдарды коркутуу, материалдык же башка нерседен көз карандылыгын пайдалануу менен жыныстык катнашка барууга мажбурлоо, сексуалдук мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоо;
Мындан сырткары, пробациялык көзөмөл (оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө) колдонууга тыюу салынат.
Компенсациянын суммасы 10 эсе көбөйөт
Учурда иштеп жаткан мыйзамда материалдык жана моралдык залалдын ордун толтурууга 50дөн 100 миң сомго чейин гана каралган. Буга жакында эле болгон чуулуу окуяны мисал катары келтирсе болот. Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган милиционерлерди сот 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирген.
Эми компенсацияны категорияга карап дайындоо сунушталууда:
Олуттуу эмес залал келтирилгенде — 5 000 – 50 000 сом;
Олуттуу залал — 10 000 – 100 000;
Оор залал — 50 000 – 500 000;
Өзгөчө оор залал — 100 000 – 1 миллион.
Эгер бир нече айыпкер болсо, сот ар бирине өзүнчө компенсация төлөтөт. Баары биригип бир сумманы чогултуп беришине тыюу салынат.
Жаза өтө мөөнөтү узартылат
Кыз зордуктагандар сегиз жылга (учурда бештен сегиз жылга чейин), эгер мындай кылмыш бир нече адам тарабынан жана мыкаачылык менен жасалса 11 жылга (учурда 8ден 11 жылга чейин) эркинен ажыратылат.
Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер үчүн беш жылга кесилет. Ага кошуп үч жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат. Азыркы мыйзамдан түзөтүү жумушуна тартуу жана 20 миң сом айып салуу нормалары алып салынат.
Тараптар жарашып алса да козголгон иш токтотулбайт
Зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге айыпталган жаран менен жабырлануучу өз ара элдешип алганы да ишти жабууга негиз боло албайт. Баары бир жазага тартылышы талап кылынууда.
Кылмыш-жаза кодексине "Айыптоодон баш тартууга жана/же тараптардын жарашуусуна мажбурлоо" (360-1) деген берене кошулуп жатат. Анда жабырлануучуну же анын жакындарын шантаж кылып, күч колдоном деп коркутуп тосмо арыз жаздырууга мажбурлагандар кылмыштын оор-жеңилине карап беш жылга чейин камалат.
Педофилдерди бычып салуу
Жакында эле Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улан Бакасов балдарды зордуктаган педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салуу мыйзам долбоорун сунуштаган.
Демилгечи атайын дарыларды берүү, ийне саюу аркылуу жасалган химиялык кастрация кымбатка турат деп эсептейт. Андыктан педофилдин репродуктивдүү органын кесип алып салууну туура көргөн. Ал мындай тажрыйба Чехия менен Нигерияда колдонуларын белгилеген.
Өлүм жазасын киргизүү
Өткөн жумада Кадамжайда секелек кызды зордуктап, андан кийин өлтүрүп салууга шектелип төрт эркектин кармалышы коомчулуктун үрөйүн учурду. Мындан улам парламентте зордукчуларга өлүм жазасын киргизүү керектигин айтышты. Бирок Конституция ага жол бербейт. Депутат Марлен Маматалиев референдум өткөрүү үчүн "Ынтымак" партиясы 300 миң кол топтоп берүүгө даярдыгын билдирди.
"Мындай адамдар өлүмдөн башка эч нерседен коркпойт. Коррупция бар өлкөдө жазадан дагы коркпойт, бүгүн 15 жылга кесилет да, үч жылдан кийин карасаң эркиндикте жүргөн болот. Анан дагы каалаганын кылып баштайт. Өлүм жазасын киргизиш керек, андан башка жол жок", — деди эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков.
Жан кейиткен окуя боюнча ушул жумада өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укмай болушкан.
Башка өлкөлөрдө педофилдер кандай жазаланат?
Жашы жете элек кыздарды зордуктагандарды химиялык жол менен бычуу көп өлкөдө кездешет. Алсак, мындай тажрыйбаны Казакстан, АКШ, Франция, Улуу Британия жана Польшадан көрүүгө болот. Ал эми өлүм жазасы Африка мамлекеттеринде, Иракта, Иранда, Сауд Аравияда, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө колдонулат. Йеменде да мындай кылмышкерлер эл көзүнчө өлүм жазасына тартылат.
Кыргызстанда педофилдерге эң оор жаза катары 25 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.