Сузакта киши өлтүрүп 11 жыл качып жүргөн. Шектүү Польшадан экстрадицияланды

Шектүү жасалма паспорт менен бир катар өлкөлөрдө баш калкалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Мыкаачылык менен киши өлтүрдү деп айыпталган адам Польшадан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматта кылмыш Жалал-Абаддын Сузак районунда 2011-жылы жасалган.
Эл аралык издөөгө алынган шектүү 11 жыл бою жасалма паспорт менен Украина жана Түркияда баш калкалап жүргөнү айтылды.
Экстрадициялоо процедурасы алты айга созулуп, айыпталуучу 10-сентябрда Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды