Учактан 6700 доллар уурдалган. Стамбул — Бишкек каттамынан кытайлык киши кармалды

Чет элдик жаран учак конгондон кийин милицияга кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Стамбул — Бишкек каттамы менен келе жаткан Россия жараны учактан 6 700 долларын уурдаткан. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдирди.
Окуя сентябрдын алтысынан жетисине караган түнү болгон. Лайнер конгондон кийин Сокулук райондук милициясына акчасын уурдаткан россиялык жаран кайрылган. Факт катталып, иш козголгон.
Кылмышка Кытайдын 38 жаштагы жараны шектелгендиктен аны кармашкан. Милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Россиялык жаран учактан 8 миң евросун жоготуп, кыргыз бажычылары таап берди