Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы май чыгарган заводдун ишин көрдү. Сүрөт

Март айында иштей баштаган заводдо сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров өсүмдүк майын чыгарган "Жалал-Абад" заводунун иши менен таанышканын президенттин маалымат кызмат билдирди.
1 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өсүмдүк майын чыгарган "Жалал-Абад" заводунун иши менен таанышканын президенттин маалымат кызмат билдирди

2 / 4

Белгилүү болгондой, президент учурда иш сапары менен Жалал-Абадда жүрөт

3 / 4

Мамлекет башчы заводдун иши тууралуу маалымат алган соң өсүмдүк майын чыгарууда жергиликтүү сырьёну колдонуу, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине токтолгон

4 / 4

Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын бергени кошумчаланды.

Белгилүү болгондой, президент учурда иш сапары менен Жалал-Абадда жүрөт.
"Май өндүргөн завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштары башталып, мартта завод иштей баштаган. Март айынан сентябрга чейин ал жакта 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду да ишке киргизүүнү пландап жатат", — деп жазылат билдирмеде.
Мамлекет башчы заводдун иши тууралуу маалымат алган соң өсүмдүк майын чыгарууда жергиликтүү сырьёну колдонуу, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине токтолгон. Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын бергени кошумчаланды.
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү. Кыргызстандын көрсөткүчү кандай?