Бар бол, баатыр! Садыр Жапаров тарых жараткан Акжол Махмудовду куттуктады

Жапаров эл андан Олимпиаданын алтын медалын күтүп жатканын да белгилеп, бекем ден соолук, ийгилик каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров грек-рим күрөшү боюнча өлкө тарыхында алгачкы ирет дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады.
"Азаматсың, Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бар бол, баатыр!" — деп жазды мамлекет башчы.
Жапаров эл андан Олимпиаданын алтын медалын күтүп жатканын да белгилеп, бекем ден соолук, ийгилик каалаган.
Белгилей кетсек, Махмудов Кыргызстандын эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан болуп калды. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (2019, 2021) жана Мээрим Жуманазарова (2021) дүйнө чемпиону.
Атаандашын ай-буйга келтирген жок! Акжол Махмудовдун алтын уткан видеосу