БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россия айрым мамлекеттердин финансылык-технологиялык чабуулуна бекем туруштук берди, алардын экономикалык согуш тактикасы ишке ашкан жок. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин экономикалык маселелер талкууланган өкмөттүн жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, бийлик негизги тармактарды, ишканаларды, орто жана чакан ишкерликти колдоонун механизмдерин учурунда киргизип, тийиштүү чараларды өз убагында көрдү. Президент жумуш орундарын сактап калуу жана карапайым калкка жардам берүү негизги максат экенин белгиледи.
"Экономиканын кескин төмөндөп кетишине жол бербейбиз. Инфляцияны да тез арада калыбына келтирүүгө мүмкүн болду. Апрелде 17,8 пайызга жеткен, бул эң жогорку чек болуп калды, 5-сентябрдагы маалымат боюнча, 14,1 пайызды түзүүдө. Жыл аягына чейин инфляция 12 пайыздын чегинде болот деген ишеним бар", — деди Путин.
Президент экономика акырындан турукташып, өсүүгө карай багыт алганын, ишканалар кадимки иш тартибине өтүп жатканын белгиледи. Ал, мындан тышкары, ИДПнын төмөндөшү кыскарып жатканын кошумчалады. Өлкө башчынын айтымында, август айында насыя берүү да жандана түшкөн. Бул экономикалык активдүүлүктүн жогорулап жатканынын белгиси.
Буга катар президент учурда Россияда жумушсуздук минималдуу көрсөткүчтө экенине токтолгон, май-июль айларында 3,9 пайыздык деңгээлде болчу.
Путин кастарын тиккен тараптардын аракетин ойлонулбай жасалган кадам деп баалады, анын айтымында, өлкө мындан ары да өз багыты менен кете бериши керек.
Украинада атайын операциянын башталышы менен Европа өлкөлөрү Москвага каршы экономикалык санкциянын түрүн киргизип, россиялык энергоресурстан биротоло баш тартмай болушкан. Путин Москваны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясына айланганын, башкы максат миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу экенин белгилеген.