ФСБ Крым жана Херсон облусунун бийлигине пландалган терактыны алдын алды

Контрчалгынчылар азгырылган адамдардын тобу менен иштеген кишини да аныкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Коопсуздук боюнча федералдык кызмат Крымга жана Херсон облусунун бийлигине карата пландалган терактылар сериясын алдын алды. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш борборуна таянып РИА Новости жазды.
"Оперативдүү иштердин маалында Украинанын коопсуздук кызматынын Херсон облусунун аскердик-жарандык администрациясында иштегендер менен Крым өкмөтүнүн кээ бир өкүлдөрүнө карата уюштурула турган диверсиялык-терактылардын бир нечесин алдын алышкан", — деп айтылган маалыматта.
Контрчалгынчылар Украина куралдуу күчтөрүнүн азгырылган адамдардын тобу менен иштеген кызматкерин да аныкташкан.
ФСБ чет элдик атайын кызматтын операциясын аткарып жана ага көмөктөшкөндөрдү, далил буюмдарды жана алар иштеген каналдарды, каржылоо ыкмаларын тапкан.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.
Президенттин айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бердянскиде шаар комендантынын автоунаасы жардырылды