Эксперт: Евробиримдиктин кыйроо ыктымалдыгы болуп көрбөгөндөй жогору

Адис санкциялык чектөөлөрдүн негизги демилгечиси АКШ экенин айтып, бирок ал жеңилген тарапка кирбей турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Эл аралык аренадагы азыркы кырдаалдан улам дүйнө бөлүнүү коркунучунда. Анын кесепетинен Европа биримдиги көбүрөөк жабыркашы ыктымал. Бул тууралуу Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин экономикалык теория кафедрасынын доценти Олег Чередниченко "Прайм" басылмасына билдирген.
Ал Европанын энергетика тармагы олуттуу соккуга учураганын айтып, Россияга каршы санкцияны колдогон мамлекеттерде социалдык чыңалууну жаратып жатканын кошумчалаган. Ал санкциялык чектөөлөрдүн негизги демилгечиси АКШ экенин айтып, бирок ал жеңилген тарапка кирбей турганын белгилеген.
Эксперт Россиянын газына чектөөнү жарым-жартылай колдобогон мамлекеттер бар экенин белгилеп, Венгрияны мисал келтирген. Анын айтымында, бул өлкө азыр утушта. Мындан тышкары, азыркы кубаттуулук менен энергетикалык муктаждыктарын камсыз кыла ала турган өлкөлөр бар экени айтылып, алардын катарына Францияны кошкон.
"Мындай теңсиздиктен улам бириккен Европанын кыйроо ыктымалдуулугу жогору, өзгөчө азыр болуп көрбөгөндөй кооптуу абалда", — деген адис.
Каатчылыкка капталган Батыш: европалыктар Путин жеңди деген пикирде. Сереп