Балыкчыда Кара деңиз флотунун ыр-бий ансамбли концерт берди

Концерт шаар тургундарына жана аскерлерге көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Балыкчы шаарында Россиянын Кара деңиз флотунун ыр-бий ансамбли концерти берди. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
1 / 5

Балыкчы шаарында Россиянын Кара деңиз флотунун ыр-бий ансамбли концерти берди

2 / 5

Иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган

3 / 5

Думанаев атындагы маданият үйүндө өткөн концерт шаардын жашоочуларына жана 20636 аскер бөлүгүнүн өздүк курамына көрсөтүлдү

4 / 5

Балыкчы шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Чыңгыз Турумбеков чыгармачыл жамаатка терең ыраазычылык билдирген

5 / 5

Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли 1932-жылы негизделген. Ал РФтин Куралдуу күчтөрүндөгү алгачкы чыгармачыл топ катары белгилүү.

Иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган.
Думанаев атындагы маданият үйүндө өткөн концерт шаардын жашоочуларына жана 20636 аскер бөлүгүнүн өздүк курамына көрсөтүлдү.
"Ансамбль Россиянын армиясынын жана Аскер-деңиз флотунун күчүн чыгармачылыкка салып чагылдырды. Ансамблдин солисттери жана оркестри мекенчилдик сезимге, мекенди сүйүүгө, үмүткө жана ишенимге толгон матростук, жоокердик, элдик жана заманбап ырларды аткарышты, ошондой эле бийлер тартууланды", — деп жазылган маалыматта.
Балыкчы шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Чыңгыз Турумбеков чыгармачыл жамаатка терең ыраазычылык билдирген.
Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли 1932-жылы негизделген. Ал РФтин Куралдуу күчтөрүндөгү алгачкы чыгармачыл топ катары белгилүү.
Радио
Төлөбеков: РФ жана КРдин кинематографисттер союздары кызматташмай болду