Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жергиликтүү бийлик: Запорожье АЭСи токтосо Украинада кыш өтө оор болот

Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Эгер Запорожье атомдук электр станциясынан электр энергиясын алуу токтотулса, Украинаны өтө катаал кыш күтүп турат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Даниловдун жергиликтүү ЖМКларга берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Кудай сактасын, бирок Запорожье АЭСи иштебей кала турган болсо, кышында бизге өтө кыйын болот", — деди Данилов.
Ишембиде Запорожье облусунун администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов украин бийлиги АЭСтен келген электр энергиясын албайбыз деп бир тараптуу чечим кабыл алганын айтты. Бул атомдук электр станциясынын иштешинде көйгөйлөрдү жаратууда. Роговдун айтымында, Киев бийлиги мындай жол менен АЭСти токтотууга аракет кылып жатат.
"Бул — АКШнын буйругу. Бирок мындан Украинанын экономикасы гана жабыркайт", — деген Рогов.
Ошол эле маалда МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси аткылоодон улам станциянын тышка электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү азайганын, оператор жалгыз иштеп жаткан реакторду токтотууну карап жатканын билдирген.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин кыртышы сүйбөй турат... МАГАТЭнин докладынан кийинки ойлор