Венада миңдеген адам антироссиялык санкцияларга каршы митингге чыгышты. Видео

Митингчилердин арасында Россиянын дагы желегин көтөрүп жүргөндөрдү көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Австриянын Вена шаарында Россияга каршы санкциялар жоюлсун деген талап менен миңдеген киши митингге чыкты.
Алар электр энергиясынын кымбатташын токтотуу үчүн Россияга каршы санкцияларды алып салууну каалап жатышат. Митингдин жүрүшүндө "Түндүк агым-2" долбоорун кайра жандандыруу жана "Түндүк агымды" ачуу чакырыктары айтылууда.
Митингчилердин арасында Россиянын дагы желегин көтөрүп жүргөндөрдү көрүүгө болот.
Австриянын бийлиги борбордук көчөлөрдө полиция менен аскерлердин ишин күчөтүп, демонстранттардын үстүнөн тик учактар учуп өтүштү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Politico: Украинага курал жеткирүү жана Европа АКШнын баш оорусуна айланды