Кытай Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу Афганистанга товар ташый баштайт

Өлкө бийлиги Пакистан аркылуу товар ташуунун чыгымдары көп экенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын жана Өзбекстандын темир жолун пайдалануу менен Афганистанга товар ташыйт. Бул туурасында афганистандык Tolonews жаңылыктар порталы жазды.
Өлкөнүн Темир жол башкармалыгынын жетекчиси Бахт Рахман Шарафт Өзбекстанга болгон сапарынан маалымат берген.
"Биз үч өлкө менен макулдашууга жетиштик, анын ичинде жеке менчик компаниялар дагы бар. Жакынкы күндөрү ийне-жибине чейин макулдашылып, толук түрдө бекитилет", — деген Шарафт.
Анын айтымында, коммерциялык жүктөрдү Кытайдан Афганистанга поезд менен ташуу ушул сентябрда башталат.
Кытайлык компания бир рейс менен 3500дөн 5000ге чейин контейнерде товар ташып келерин, бул Пакистан аркылуу өткөн каттамдан алда канча ыңгайлуу болорун жазган.
"Коммерциялык жана өнөр жай товарларын ташууда чыгымдар бир топко азаят. Учурдагы маршрут көп убактыбызды алып, ички рыноктогу керектөөчүлөрүбүзгө катуу таасирин тийгизүүдө", — деди Афганистандын Өнөр жай жана жер казынасы палатасынын директорунун орун басары.
Азыркы тапта коммерциялык товарлардын басымдуу бөлүгү Афганистандын Харитан, Агина жана Тургунди темир жолдору аркылуу келет.
Жакында президенттер Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолун баштоого кол коёт