БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптада Кыргызстанда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Апта башында өлкөнүн көпчүлүк жерлерде күн салкындап, жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарга жана тоо этектерине кар түшө турганы айтылды. 13-сентябрдан тарта күн кайра ачылышы ыктымал. Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 30 градуска чейин ысыйт.
Чүй, Талас облустары
Эки облуста тең 11-сентябрда жамгыр жаай турганы көрсөтүлгөн. 12-сентябрдан тарта күн ачылып, 16-сентябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө 25...30, Таласта 26...28 градус болору күтүлүүдө.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары
Түштүк аймактарда 11-12-сентябрь күндөрү жамгыр жаайт дешти. Бул күндөрү абанын температурасы адаттагыдан 2-3 градуска төмөн болот. 13-сентябрдан тарта күн ачылып, абанын температурасы 30...32 градуска чыгып, аптап болушу күтүлүүдө. Өзгөчө жуманын экинчи жарымында күн ысып баштайт.
Нарын, Ысык-Көл облустары
11-12-сентябрда Нарын менен Ысык-Көлдүн көпчүлүк жерлерине жамгыр, тоо этектерине кар жаашы ыктымал. Бирок дыйканчылык аймактарда күн жылуу болот. 13-16-сентябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 17-сентябрда кээ бир аймактарда өткүн өтүшү мүмкүн. Нарында термометр 28 градусту көрсөтсө, Ысык-Көлдө 16-17-сентябрь күндөрү 30 градуска чейин ысык болору айтылды.