Адис сасык тумоо маалында сактап калчу табигый антибиотиктерди атады

Дарыгер табигый антибиотиктер дарылануучу негизги эмес көмөкчү гана каражат экенин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Сасык тумоону алдын алуу үчүн иммунитетти бекемдөөгө жардам берген табигый антибиотиктерди колдонсоңуз болот. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде диетолог Татьяна Залетова айтып берди.
Мезгилдик инфекциялар учурунда организмди коргоого жардам берчү азыктардын бири — сарымсак.
"Табигый антибиотиктерди профилактикалык каражат катары пайдаланабыз. Алардын эң белгилүүсү сарымсак. Ал сасык тумоодон сактай турганын бала кезден эле билебиз. Андыктан азыртадан тамак-ашка сарымсакты көбүрөөк колдоно башташ керек. Алдыда жаан-чачындуу, суук күндөр келе жатат", — деди Залетова.
Ошондой эле дарыгер күзүндө адамдын организмин сасык тумоодон коргой турган өсүмдүктөрдүн бири катары базиликти атады.
"Ал дезинфекциялоочу касиетке ээ. Аны колдонгондо сасык тумоо жана суук тийүүдөн оолак болосуз. Базилик ашказанга тамак-аш менен кирген инфекциялардан дагы коргой алат", — деди адис.
Сөзүнүн соңунда дарыгер табигый антибиотиктер дарылануучу негизги эмес көмөкчү каражат экенин кошумчалады. Андыктан бул азыктар ооруп жатканда эмес, аны алдын алууга гана жардам бермекчи.
Сасык тумоо кан айлануу системасынын ишин алсыратат. Жаңы изилдөө