БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Келе жаткан жумада Нарында күн жылуу болорун Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
11-12-сентябрда Нарынга жамгыр жаап, 12-сентябрда түнкүсүн тоолуу жерлерге кар түшүшү ыктымал. Бирок дыйканчылык аймактарда күн жылуу болот. 13-16-сентябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 17-сентябрда өткүн өтүшү ыктымал. Абанын температурасы 28 градуска чейин жылуу болот.