Акылбек Жапаров Чехия депутаттары менен жолукту. Эмне кеп болду

"Биздин миссиябыз — Кыргызстандын аймагында качандыр бир кезде жашап жана эмгектенген мекендештерибизди эскерүү" деген Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чехия парламентинин депутаттарынан турган делегация менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чехия парламентинин депутаттарынан турган делегация менен жолукту.

2 / 2

Жапаров Кыргызстан менен Чехияны мурдатан келе жаткан тарыхый байланыштар бириктирип турарын белгилеген.

Жапаров Кыргызстан менен Чехияны мурдатан келе жаткан тарыхый байланыштар бириктирип турарын белгилеген.
"Чехословакиялык "Интергельпо" кооперативинин биздин өлкөбүздү индустриялаштырууга кошкон салымын эске алуу жетиштүү. Чехословакиялык көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлер Юлиус Фучик жана Александр Дубчек да ата мекендик тарыхыбызга байланышы бар. Бишкек шаарында Юлиус Фучик атындагы көчө жана сейил бак бар, ошондой эле Александр Дубчек бир кезде ата-энеси менен чогуу жашаган үй да сакталып калган", — деди ал.
Ошондой эле келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгилене турганын билдирди.
"Буга байланыштуу эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда байланыштарды түзүүгө багытталган бизнес-форум жана башка иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм. Мунун бардыгы тийиштүү деңгээлде пайдаланылбай жаткан эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатууга көмөктөшөт деп ишенем. Энергетикалык потенциалы жогору жана кайталангыс жаратылышы бар өлкө катары, биз үчүн гидроэнергетика, туризм, айыл чарба, билим берүү тармагындагы долбоорлор кызыгууну жаратат", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Өз кезегинде Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бортошек кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана чех жарандары мурда жашап, иштеген жерлерди кыдыртуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирген.
"Биздин миссиябыз — Кыргызстандын аймагында качандыр бир кезде жашап жана эмгектенген мекендештерибизди эскерүү. Бүгүн биз "Интергельпо" кооперативинин мүчөлөрүнүн жардамы менен түзүлгөн ишканаларда болдук, Александр Дубчек жашаган үйгө гүл койдук. Ал эми ишкердик байланыштарды жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча демилгелерди колдоого алам", — деген Бортошек.
Жолугушууда тараптар кыргыз-чех эки тараптуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү маселелерди кенен талкуулаган.
Шахмат түрүндө салынган Пишпек. "Интергельпочулар" Кыргызстанга эмнеге келген