Стоматолог имплантты кимдерге койдурууга болбой турганын тизмектеди

Адис сөөгү морт адамдарга да имплантты сунуштаган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Улгайып калган адамдарга, кант диабети, гемофилия, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга тишине имплант койдурганга болбойт. Бул тууралуу стоматолог Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Ал сөөгү морт адамдарга да бул ыкманы сунуштаган эмес.

"Алгач кандын жалпы анализин алабыз. Анткени бейтаптын каны жөнүндө толук маалымат болушу керек. Андан кийин гепатит менен ооруган-оорубаганын текшеребиз. Анализге карап туруп тишти дарылоо планы түзүлөт. Эгер бейтаптын ден соолугу жакшы эмес болсо, аны эске алуу менен кандайдыр бир дарылардын жардамын вариант катары карап көрүүгө болот. Спорттун оор түрү менен машыккандарга да салбайбыз. Анткени ар кандай соккудан улам имплант көпкө турбайт. Анан, албетте, кош бойлууларга болбойт", — деди медик.

Дарыгер негизинен соо тиштердин ортосундагы түшүп калган тиштин ордуна имплант орноткон туура экенин айтып, бул учурда таза тиш бузулбай ошол боюнча каларын белгилеген. Ал имплантты көпчүлүк профессорлор 14-16 жаштан баштап сунуштап жүргөнүн эске салган.
Медиктин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Стоматологго ким канча убакытта бир баш багышы керек? Видеокеңеш