"Жыйынтыгында бул өлкөнү ичинен да, тышкы саясий позициядан да бекемдейт" деген пикирдеги Путиндин сөздөрүнө жана Чыгыш экономикалык форумга Петр Акопов баам салган. Серепчинин кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
"Дүйнөдө, өлкө ичинде белгилүү бир поляризация жүрүүдө. Менимче, бул пайда гана келтирет, анткени керексиз, зыяндуу жана алдыга умтулууга жолтоо болчу нерселердин баары четке кагылат. Өнүгүүгө өр алабыз.
Азыркы чактагы өнүгүү суверенитетке гана негизделиши мүмкүн. Бул кадамдарыбыздын баары эгемендүүлүктү бекемдөөгө багытталган", – деди Чыгыш экономикалык форумунда РФ президенти Владимир Путин.
Форумда анын оң тарабында Мьянма Мамлекеттик административдик кеңешинин төрагасы, анын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы генерал Мин Аун Хлайн отурду. Аталган иш-чаранын ардактуу мейманы, мамлекет башчылары катар отурбаганда эмне кылышат? Мындан эмне "кыр" чыгарып отурасыз дейт чыгаарсыз. Анда сөз башынан болсун.
Генерал Мьянманы былтыр февралдан тарта жергиликтүү Конституциянын өзгөчөлүгүн пайдалануу менен башкарып келет. Ага ылайык, маңызында мамлекеттин биримдигинин гаранты армия болуп саналат. Мин Аун Хлайн аталган өлкөнү түптөөчүсүнүн кызы Аун Сан Су Чжини шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүнө таянып тактан кетирген.
Ошондон кийин Батыш жана Мьянманын курамына кирген Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин бирикмеси АСЕАН жаңы бийликти тааныбай, Су Чжини жана анын партиясын кайра бийликке кайтарууну талап кылган. Ал түгүл четке сүрүлгөн саясатчылар куугунтукта жана тымызын өз өкмөтүн курап, ал эми алардын тарапташтары "хунтага иштегендердин" көзүн тазалай баштаган. Азыр алар миңден ашты.
Аскерлер да оппозицияны тегин таштап койгон жок. Бирок дээрлик 75 жылдан берки көз карандысыз Мьянма өзү – өлкө биримдигин сактап калуу үчүн борбордук бийликтин дайымкы күрөшү. Саясий болбосо да, куру дегенде аймактык бүтүндүк үчүн күрөшүн токтотпой келет. Колониялык заманда Британ Индиясынын курамына кирген Мьянма бир нече элден куралган. Провинциялардын (штаттардын) бир даарында ондогон жылдардан бери партизандык согуш жүрүп, өкмөт эч качан өлкө аймагын толук көзөмөлдөгөн эмес.
Мындай шарттарда партия аралык жана борбордогу дегеле бийлик үчүн саясий күрөш мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо аракети менен начар айкалышкан. Ошондуктан Мьянманы аскерлер дээрлик көз карандысыздыкка ээ болгондон бери башкарып келгени түшүнүктүү. Ортодо болгону 50-жылдар жана 2015-жылдан кийинки маалда гана бийлик алардын колунда болгон эмес.
Бул убакыт аралыгында аталган мамлекет башынан эмнелерди гана кечирбеди. Өз версиясындагы социализмди да куруп, СССР менен да достошуп, Түндүк Кореянын масштабында болбосо да тыш дүйнөгө жабылып, капитализм, көп партиялуулукка өттү.
Жети жыл мурда генерал Мин Аун Хлайн башкы командачы катары бийликти ошол эле Су Чжиге (былтыр өзү кызматтан четтеткен) өткөрүп берген эле. Бирок Мьянманын бардык ушул ички иштери эмнеликтен Россиянын суверенитетин бекемдеп жатканын түшүнүү үчүн маанилүү? Генерал Россияга алгач ирет келип жатканы жок. 2017-жылдан тарта ал Россияга бир нече жолу учуп барган.
Москва жана анын аймактарына көп барып, буддисттик сыйынуучу үйлөрдү куруп, Кызыл аянттагы аскердик параддарга катышып, аскердик заводдорго да барган. Мьянма россиялык курал-жаракты сатып ала баштаганына көп болду.
Акыркы ирет ал Россияга туура эки ай мурун жеке сапар менен келген. Анткен менен Владивостокко келиши – анын Путин менен алгачкы расмий сапары. Ал эми бейрасмий сапарларынын саны белгисиз. Теориялык жактан алар жабык режимде да болушу ыктымал. Эмнеликтен? Анткени Мьянманын ири геосаясий маанисине (Кытай, Индия жана АКШ ортосундагы күрөштүн да эң чордонунда) карабастан, Россия аталган мамлекеттин адегенде көмүскөдөгү, кийин реалдуу башкаруучусу (негизи генерал 2011-жылдан бери – качан Куралдуу күчтөрдүн башына келгенде гана бийликке отурган). Мин Шойгу, Патрушев менен да кезиккен, кийин ага Лавров да барып жолугуп кеткен.
Ал жактагы былтыркы "төңкөрүштөн" кийин Россия, Кытай менен катар эле дипломатиялык колдоо көрсөтүп, өлкөдөгү өзгөрүүнү айыптаган жана мьянмалык өкмөттүн мыйзамсыздыгын кайталаган БУУ Коопсуздук кеңешинин деңгээлиндеги резолюциялардын кабыл алынышына бөгөт болгон. Анткен менен эки өлкөнүн биринчи адамдары расмий жолукчу күн эми гана келген көрүнөт.
Себеби Россия 24-февралдан Батыш менен жаңжалдаша баштаган жок. РФ өзүнө таңууланган эрежелерге ылайык ойноону токтотту. Владивостокто Путин Украина атайын операция башталган соң Россия эл аралык укукту бузгандыгы боюнча айыптоолорду мүнөздөгөн. Бирок РФтин Донецк Эл Республикасы жана Луганск Эл Республикасы менен келишимдерге ылайык буга акысы болгон.
Анда Ирак, Ливия же Югославияга кол салууда батыш өлкөлөрү эмнеге таянган эле? Өздөрү эл аралык укукту бузганын бузуп, бирок кийин "ойдон чыгарылган эрежелерден" кеп салышат.
Батыш өлкөлөрү мурдагы эле, өздөрүнүн гана кызыкчылыгындагы дүйнө тартибин сактап калууга умтулушат. Айтылуу ошол эрежелерди өздөрү ойлоп таап, кайра өздөрү бузуп баарынын башын ийдирүүгө умтулушат. Көбүнесе аларды өздөрүнө төп келтирип, оңдоого тырышат.
Баш ийгиси келбеген бөлөк өлкөлөрдү мындай үстөмдүккө мажбурлашат. Бул чечимдердин баары өлкө жана калктардын, баса, ошол эле Батыш мамлекеттеринин жарандарынын кызыкчылыгына каршы келет.
Батыш РФти куугунтуктагы өлкө катары жар салды. Ушундай эле окуяга буга чейин да өлкөлөрдүн бир даары кабылганы жалпы планетага маалым. Ирак, КЭДР, Иран, Венесуэла, Судан жана Сирия да Батыштын ушул "тизмесинде". Мьянманы да канча жолу "бурчка такап" келишти.
Россия мурда ал менен алакасын үзбөсө да, баары бир Батыштын позициясы менен эсептешүүгө аргасыз. КЭДР же Судан, Батыш тарабынан куугунтукталган бөлөк өлкөлөр менен да жагдай ушундай эле болгон.
24-февралдан соң баары өзгөрдү. РФтин атлантисттери менен дипломатиялык оюндарды ойноого эми негиз калган жок. Батышка кирбеген дүйнөнүн ар кандай мамлекеттери менен мамиле курууга Россия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Россия толугу менен өз алдынча болуп, кызыкчылыктары жана келечек жөнүндөгү көз караштарына жараша өзүнүн геосаясий стратегиясын түзөт.
Россия таасиринен тайып бараткан гегемонго каршы турууга эмес, жаңы тартиптин жаралышына басым кылат. Владивостокто Путин дагы бир жолу дүйнө умтулган тартипке кыскача мындай мүнөздөмө берди.
"Башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын сыйлоо абзел, аймагынын чоңдугу, ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү же кайсы бир өлкөнүн заманбап курал-жарагынын болушуна карабастан тең мамиле кылуу кажет. Кимдир бирөө өзү үчүн ойлоп тапкан кайсы бир эрежелерге эмес, эл аралык укук принциптерине таянуу шарт.
Адилеттүүлүк, дүйнөлүк тартиптин туруктуулугу дал ушунда. Биз ошого таянуу менен өз суверенитетибиз үчүн күрөшөбүз. Соңунда баары өз ордуна келерине ишенем", — деген РФ лидери.