№47 колония бузула башталды. Ордуна турак жай комплекси салынат. Сүрөт

Акылбек Жапаров курулуш иштери келерки жылы баштала турганын айтып, аны ишке ашырууга инвесторлор тартыларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын мурдагы аймагына барып, көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда түзөтүү колониясынын имаратын бузуп, аймагын тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул жумуштарды ӨКМдин кызматкерлери аткарууда.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын мурдагы аймагына барып, көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

2 / 4

Билдирмеге караганда, учурда түзөтүү колониясынын имаратын бузуп, аймагын тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул жумуштарды ӨКМдин кызматкерлери аткарууда.

3 / 4

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев министрлер кабинетинин төрагасын социалдык турак жай комплексинин бир нече долбоору менен тааныштырган

4 / 4

Ал 8,5 гектар аянтты ээлеген жерге билим берүү мекемелери, бала бакчалар жана эл аралык стандартка жооп берген социалдык турак жайлар камтылганын белгилеген

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев министрлер кабинетинин төрагасын социалдык турак жай комплексинин бир нече долбоору менен тааныштырган. Ал 8,5 гектар аянтты ээлеген жерге билим берүү мекемелери, бала бакчалар жана эл аралык стандартка жооп берген социалдык турак жайлар камтылганын белгилеген.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы курулуш иштери келерки жылы баштала турганын айтып, аны ишке ашырууга инвесторлор тартыларын белгилеген.
Жапаров беш жылдын ичинде шаардын ичинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринин баарын борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын кошумчалаган.
Радио
Үркүнчиев: Бишкекте жыл башынан бери мыйзамсыз 2 831 объект бузулду